Menu

Бермет Букашева, коомдук ишмер: Президент саясый туткундарды мунапыс менен бошотсо, өзүнүн имиджи көтөрүлмөк

Бөлүшүү:

Кезегинде коомдук, саясый процесстердин чордонунда жургөн кесиптешибиз азыр деле саясаттан кыйгап өтпөй, көмүскөдөн абай салып, баарысын сыдыргыдан өткөрүп турат. Биздин социалдык түйүн аркылуу жолдогон саясат, президент Сооронбай Жээнбековдун ишмердүүлүгү тууралуу соболдорубузга өз жообун узатты.

– Бермет айым, президент Сооронбай Жээнбеков өлкө башына келген 9 ай аралыгында кандай иштерди бүтүрдү? «Жылт» эткен бир жылыштарын байкай алдыңызбы?

– Бул аралыкта елке башчы Сооронбай Жээнбеков экс-президентке «марионеткаң, кол балаң болбойм» деп тишин көрсөттү. Анын бийликтин бийик бутактарындагы жансакчылары менен башка «кол балдарын» жумуштан алды. Коррупция менен күрөш баштады. Мурдагы эки- премьер-министр, Бишкек шаарынын эки экс-мэрлери камакка алынды. Экс-президент Атамбаевдин Казакстан жана Түркиянын башчылары менен бузган мамилени кайра оңдоду. Граждандык коом менен жолугушуп, алардын оюн угуп, «чогуу иштейбиз» деген чечимге келди. Санап жатсаң аз эмес, бирок, баары бир коомдо бирдеме жетишпей жаткандай…

– Сооронбай Шарипович президенттик бир жылдык мөөнөтүнө чейин, арылатканда жаңы жылга дейре кандай иштерди тез арада бүткөрүшү керек?

– Биринчиден, оор кылмыш иштерди аягына чейин бүтүрүп, аларга кириптер болгондорду ачык сотто коомго, элге көрсөтүп, элибиз «акыйкат женди, чын эле чындык бар экен» деп ыраазы болуш керек. Орусча бирее жакшы айткан: «Можно жить в бедной стране, но нельзя в бессовестной» деп. Андыктан, эл баарын түшүнөт коррупция менен күрөш чын эмес, жасалма «кампанейщина» болсо, анда нааразы болот. Эл кыйынчылыкка деле чыдайт, өзүн-өзү багып кетет, эгерде бийлик чын эле таза иштеп, мамлекетти, бийликти тазалаганга чыныгы аракет кылып жатканын көрсө. Президент эл менен диалогду улантып, бийликти ачык, тунук кылыш керек. Элдин суроолоруна жооп берип, өзүн толугу менен кандай экендигин көрсөтүшү зарыл. Алдыдагы пландарында, оюнда болгон иштерин маалымат каражаттары аркылуу интервьюларды берип, жаңылыктарын карапайым эл менен бөлүшүп, коомчулукка жеткириши керек. Буга дагы кошумчалаар сөз, ханда адилеттүүлүк болуш керек да. Менин чоң атамдын чоң чоң атасы белгилүү инсан, кадимки акылман Мойт аке болгон. Ал менин алтынчы атам болот. Алдаяр уулу Мойт аке айткан экен: «Адилеттүүлүк жашоонун туткасы. Адилеттүулүк болбосо жашоонун оош-кыйышы көп болот. Адилеттик болбосо калпычылык, нааразычылык, өкүнүч, андан улам кек сактап кекерлешүү, кыйкым издеп тирешүү, андан улам жаң-жал, кан төгүлүп кагылыш чыгат. Адилеттик менен теңчилдик эриш-аркак. Бул экөө болгон жерде ата салты бузулбайт. Кара кылды как жарган калыстык уялайт. Калыстык болмоюнча, теңчилдик жок, теңчилдик болмоюнча адилеттик жок, балдар! Мына ушуну эл билермандары бекем тутушу парз. Адилеттик -ак иш. Актын жолунан тайбагыла! Адилеттүүлүк жолу ишпейил менен шайкеш болушу керек. Иштин жыйынтыгы пейилге жараша болот. Ооз жүзүндө пейил түз өңдөнүп, иш жүзүндө ажырым байкалса, акыры адилеттүүлүккө зак кетет, бара-бара ак жолдон татыйт. Ак жолдон тайганда кут кетет. Кут ордуна ар кандай ыпластык, калпычылык, эки жүздүүлүк, көз боемочулук, арамдык деги койчу, калкты жолдон адаштырган жаман илдеттер бура бастырбай, аюктай баштат дептир. Карагылачы, кандай гана философия. Мындай касиеттүү инсандардын нускалуу кептерин баарыбыз жан-дилибизге туюп, айткандарын ишке ашырсак жакшы болот эле.

– Кадрлык саясатты жандандырып, бийлик бутактарындагы жөндөмсүз жетекчилерден арылчу күнү болобу? Абактагы саясый туткундарды бул аралыкта бошотушу керекпи? А балким өкмөттүн өлөсөлүү ишине олуттуу көз караш менен карап, социалдык-экономикалык абалды жөнгө салышы керекпи?

– Абдан туура суроолорду коюп жатасыз. Биринчиден, кадрдык саясатты оңдош керек. Өлкөнүн бүтүндөй кадрдык аймактарына жаңы, таза, профессионалдуу кадрларды алып келүү абзел. Керек болсо чет мамлекеттен чакырып болсо да. Ал эми камактагы саясый туткундарды бошотуу- бул өтө маанилүү маселелердин бири. Президент «соттун иштерине кийлигишпейм»деп жатат. Бирок, мунапыс кылып аларды чыгарып койсо болмок. Ошондо эл даана мурдагы президенттен айырмаланып, айкөл киши экенин көрмөк. Камакта жаткан саясатчыларга эмес, өзүнүн имиджине пайда келтирмек. Башка чоң нерсе чет мамлекетте гастарбайтер болуп иштеп жүргөн элибизди кайра Кыргызстанга алып келүүгө, жаңы завод-фабрика баштаган өндүрүш ишканаларын тез арада курууга бизнесмендерге импульс бериш керек. Чет өлкөлөрдөн инвесторлорду «келе койгула» деп жалынып чакыруу абзел. «Азиатские тигры» деген Сингапур, Тайвань өлкөлөрдөй эле алардын тажрыйбасын пайдаланып, өнүгүп кетсек болот.

Калыгул Бейшекеев

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: