КТРКнын башкы директору болуп Жайнак Үсөн уулу шайланды. Ага корпорациянын байкоочу кеңешинин 15 мүчөсүнүн 13ү добуш берди.
Башында КТРКнын жетекчисинин кызматына 19 адам ат салышкан. Алардын экөө- Илим Карыпбеков менен Мирлан Самыйкожо өз талапкерликтерин алып салышкан. «Азаттыктын» кызматкери Каарманбек Кулуев дисквалификацияланган. Каналды өнүктүрүү программасынын көрсөтүлүшүнүн жыйынтыгы менен Байкоочу кеңештин мүчөлөрү 8 талапкерди гана тандашкан.
Бүгүн, 6-мартта ошол 8 талапкердин ортосунда шайлоо болуп өттү. Шайлоонун жүрүшүндө талапкер Болот Тиллабаев 1 добуш, Галина Байтерек 1 добуш, Жайнак Үсөн уулу 13 добуш алды. Калган 5 талапкер бирден да добуш ала алышкан жок.
КТРКнын жетекчиси төрт жылга шайланат.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ