Жогорку Кеңештин депутаты Жанар “Кыргыз темир жолу” Казакстандан 150 вагон сатып алыш үчүн Орус-кыргыз фондунан 8 млн. 380 миң доллар насыя алганы менен азыркыга чейин вагондорду алып келе элек экендигин айтып, коррупция жыттанаарын кыйытып, ишкана жетекчиси Алмазбек Ногойбаевди сынга алганына бир айга жакын убакыт болду. Чээнге кирип кеткендей башын коңулга катып жаткан Ногойбаев уйкудан жаңы ойгонгонсуп, айтылган сын боюнча кечээ араң 22-мартта үн катты. Азыр да вагондор толук келе электигин мойнуна алды. Ногойбаевдин айтуусунда, вагондордун кечигүүсүнө Казакстандагы суук себеп болгон. Бирок Казакстандагы сууктун кайтканына 2 ай болсо да, вагондордун толук келбей жатышынын себебин түшүндүргөн жок. Ошондой эле казакстандык завод вагондорду чыгаруучу эмес, куроочу завод экенин да аргасыз мойнуна алып, Кыргызстан сатып алчу вагондор башка жакта чыкпагандыктан, айла жок ушундай кадамга барууга мажбур болушканын кошумчалады. Такыр бет жок экен. Кемчиликтер оркоюп көрүнүп аны өзү мойнуна алып жатат, бирок жоопкерчиликти түк капарына алган жок.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ