Ансыз да БШК Өмүрбек Текебаевдин мандатын эки ай күттүрүп, зорго дегенде кезеги келип калган Искендер Гаипкуловго тапшырды. Жамандыктын жышааны аркылуу мандатынан ажыраган Текебаевдин ордуна Гаипкуловдун барышы тескери төлгө экени ажеп эмес. Элибиздин ырым-жырымга катуу берилгенин эске алсак, бул көрүнүштөн соң Искендер мырза депутат болуп деле баар таап, бактылуу болбосо керек. Андан көрө мандаттан баш тартып, саясаттын кулу болбой бийик турганда, тарыхта барктуу инсан катары аты калмак. Ай чунак киши, көшөгө артындагы «Серый кардинал» элең, ушуга акылың жеткен жокпу?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ