Menu

АКШ Гүлнара Каримовага да санкция салды

Бөлүшүү:

Кошмо Штаттар “адам укуктарын бузду” деп эсептеп, Өзбекстан, Орусия, Украина, Пакистан жана башка өлкөлөрдүн жарандарына каржылык санкция салды.

Жаза чаралары Магнитски мыйзамынын алкагында жалпысынан 52 адамга жана компанияларга киргизилген.

Тизмеде Өзбекстандын маркум президентинин кызы, учурда Өзбекстанда үй камагында отурганы айтылып жаткан Гүлнара Каримова жана Орусиянын башкы прокурорунун уулу Артем Чайка да бар.

Жергиликтүү полиция тарабынан киши сатуу, адамдардын органдарын соодалоо боюнча айыпталган пакистандык Мухтар Хамид Шах да тизмеде. Ал эми мьянмалык аскер офицери Маун Маун Со болсо рохинжа мусулмандарын катаал куугунтукка алганы үчүн тизмеге кирген.

Магнитски мыйзамы АКШда 2012-жылы адам укуктарын бузууга тиешеси бар орусиялыктарды жазалаш үчүн кабыл алынган.

Санкциялык тизмедегилер каржы жана саякат жагынан ар кандай чектөөлөргө кабылышат.

АКШнын мыйзамы 2009-жылы Орусиянын түрмөсүндө каза тапкан юрист Сергей Магнитскинин ысымы менен аталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: