Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеӊештин депутаттары «Ар кыл маселелер» саатында ар кайсы маселени көтөрүүдө. Анда депутат Бакыт Төрөбаев спорт маселеси тууралуу айтты. Ал футбол боюнча Кыргызстандын курама командасын колдоого алууну, алардын учурда жаратып жаткан ийгиликтерин, жеӊиштерин баса белгиледи.
«Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы желегибизди бийик көтөрүп келет. Муну менен элдин биримдиги, ынтымагы бекемделүүдө. Дүйнө жүзүндө ар бир экинчи адам футболго кызыгат. Бул керек болсо идеологияга айланат. Футбол адамдардын башын бириктирген оюн, андыктан ал биримдиктин символу болуп калат. Мамлекет Кыргызстан элинин сүйүнүчү менен теӊ бөлүшүп, кыргыз курама командасын колдоого алышы керек!»,-деди Б.Төрөбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ