Кечээ Ош облусунун Кара-Суу районунун курулуш жана архитектура башкармалыгын 60тай кызматкери нааразычылык акциясын өткөрүштү. Алар жетекчиликтин мамилесине жана негизсиз акча чогултууларга нааразы. Үстүбүздөгү жылдын июнунда эле бул боюнча райондук администрацияга арызданып кат жазышкан.
“Азыркы жетекчи менен 1 жыл 3 ай иштештик. Ушул аралыкта бир катар коррупциялык көрүнүштөргө туш болдук. Кээ бир кызматкерлерден 1000 доллардан акча чогултуп алышат. Биз бул факты боюнча ачык айтууга даярбыз. Тийиштүү органдар текшерүү жүргүзсө болот эле. Биз арыз жазганда, жетекчибизди үч айга жумуштан четтетип койгон. Анан арызыбыз каралгандан кийин, 14-октябрда жетекчи кайра жумушка чыгып олтурат. Аны текшерген комиссиянын жыйытыгын билбейбиз. Кызматкерлер арасында жетекчини колдогон бешөө эле бар, калганыбыз сындап эле жатабыз”. – дешет алат. Алар бүгүн да нааразычылык акциясына чыгышат. Башкармалыкта жалпы жонунан 80 киши иштейт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ