Башта Сапар Исаковду «Сары балапан» деп тергешчү эле. Бирок, турмуш жүзүндө ал «Бүркүткө» айланып бараткандай. Соңку ирет УКМКдан сурак берип чыккан Исаков ЖЭБдеги кырсыктар боюнча тергөөгө чакырылганын айтып, бирок, бул ишке мурдагы өкмөттүн тиешеси бар экенин да кошумчалады. Эске салсак, дагы бир билдирүүсүндө «Сары бүркүт» бийликтен коркпостон эле ЖЭБ боюнча Сооронбай Жээнбековдун да жоопкерчилиги каралышы керектигин жарыялаган. Кызыгы, Атамбаевдин айланасындагы башка жан-жөөкөрлөрү коңулга кирип кетишкен чакта Сапар мырза коркпостон эле президентке соз кайтарып турушу- көпчүлүктүн бүйүрүн кызытууда. Бизде коомдук кырдаал жана саясатчылардын рейтинги тез өзгөрүлөрүн эске алсак, күзгө карай көөп бурулуштарга күбө болушубуз ажеп эмес. Баса, Атамбаев бекеринен Исаковду КСДПга орун басар кылды дейсиңерби? Буга чейин таптап келип, күздөгү «аламанга» салганы турат го…
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ