Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин төбөсүндө айланган кара булут жакынкы арада тарабай калды өңдөнөт. Учурда депутатка байланыштуу 6 кылмыш иши тергелип жатат. Ал мамлекетке 14 миллион сом чыгым келтирген. УКМК Исаевдин иши жакында сотко өтө турганын маалымдады. Өмүрбек Текебаевдин интригасына кирип, түз бараткан жолунан адашканына азыркы тапта катуу өкүнүп, бармагын тиштеп турган чагы. Анда-санда бийликти сындап бакылдай койчу эле, анысы да токтоду. Илбериңки тартып койдон жоош болуп, соттолуп кетпөөнүн амалын көрүүдө.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ