Кечээ, 31-мартта КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Ысык-Көл областынын Тоң районунда туулган, 1983-жылы туулган КР жараны Бакашова Айзада Кубатовна аныкталды.
Такталган боюнча А.Бакашова соцтармактар аркылуу Тоң районунда бир адамдан коронавирус табылды деген жалган маалыматтарды тараткан.
Аталган адам менен профилактикалык иш чаралар өткөзүлүп, жыйынтыгында ал кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады.
Анын мындай аракеттерине юридикалык баа берилет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.
Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ