Өкмөт парламентке 2018-жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдө өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдык көрүү алкагында Чолпон-Ата ат майданын оңдоо максатында бюджеттен 10 млн. сом көлөмүндө каражат бөлүү сунушун берди. Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитета мындай сунушту колдоду. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, Чолпон-Ата ат майданына бериле турган каражаттын булактары аныкталган.
Кызык, бир жыл мурун эле жаңы салынган ат майдан кандайча оңдоп түзөөгө муктаж болуп калды экен. Көчмөндөр оюндарына шылтоо кылышып эле, жаңы салынган ат майданга жыл сайын миллиондоп акча бөлдүрүп мойсой беришеби? Жаңы салынган жай жок дегенде 10 жыл туруш керек го, оңдоп түзөөнү талап кылбай…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ