Menu

Быйылкы жылкы өлкө аймагынан 33 668 886 сом битир-садака чогулуп, муктаждарга таратылууда

Бөлүшүү:

2017-жылдын улуу Рамазан айында республика боюнча 33 668 886 сом битир-садака чогултулду. Мындай маалыматты КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда бул чогулган акча каражаты Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы, өлкө аймагындагы бардык казыяттар, райондук хатибияттар жана мечиттер арыз кайрылуулардын негизинде  мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, кароосуз калгандарга, жетим-жесирлерге таратылып беришүүдө.

Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы кайрымдуулук иштерин күчөтүп, топтолгон битир-садаканы арыздын негизинде муктаждарга таратып берип, алардын социалдык мүдөөлөрүн орундатууга бар күчтөрүн жумшап келет. Быйылкы жалдагы топтолгон битир-садакадан Муфтият жана облустук казыяттар биригип, Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга 2 млн 800 миң сомдук жардам көрсөтсө, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы ошол эле Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга 395 миң сомдук гуманитардык жардам көрсөтүп, жалпысынан 3 млн 200 миң сомдук жардам берилген. Муну менен катар Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы быйылкы жылы кабыл алынган арыздардын негизинде комиссиянын чечими менен 3 категорияга бөлүп, 1 млн 900 миң сомду муктаждарга таратып берди. Булардын арасында оор операцияга дуушар болгондор жана бөйрөк оорусунан жабыркап, гемодиализ алган мекендештерибиз дагы бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: