Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова Баткен облусунун Баткен районундагы Кыштут айыл аймагынын тургундарынын талабы менен тааныштырды. Жергиликтүү эл такталбаган участокторду жайыт катары өзбек жарандары пайдаланып жаткандыгын айтып, мамлекеттик бийликке бул көйгөйдү тезинен чечип берүү маселесин коюшкан.
Ал эми Ош облусунун Өзгөн районундагы Баш-Дөбө айыл аймагындагы Көк-Таш участогуна өзбек чек арачыларынын көзөмөлү менен өзбек жарандары жайлоого чыгып жатканын айткан депутат Улукбек Ормонов, маселе убагында чечилбесе жергиликтүү эл менен өзбек жарандарынын ортосунда чыр чыгып кетүү коркунучу бар экенин эскертти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ