10-апрель күнү эртең мененки саат тогуздарда Нарын шаарынын борбордук бөлүгү тараптан Нарын дарыясына боюн таштаган 78 жаштагы кемпирди милиция кызматкерлери көрүп, куткарып калган. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султаналиева билдирди. Маалыматка ылайык, дарыяга боюн таштаган кемпир үй-бүлөлүк келишпестиктен улам ушундай кадамга барышы мүмкүн. Учурда кемпир куткарылып, облустук ооруканадан текшерилген соң үйүнө чыгарылган.
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ