Menu

Абдымалик Акматбаевдин кайрылуусу: Рысбек Акматбаевдин ысымы Чолпон-Ата шаарындагы Совет көчөсүнө ыйгарылса…

Бөлүшүү:

Чолпон-Ата шаарынын мэри Карыбек САРАЛАЕВге,

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин төрагасы Талант САРБАГЫШЕВге

жана жалпы кыргыз элине

Кайрылуу

Урматтуу Карыбек Алаңбаевич!

Урматтуу Талант Сарбагышевич!

Сиздерге жана жалпы кыргыз жумурай журтуна карата кайрылуумдун негизи болуп мурунку президентибиз Алмазбек Атамбаевдин 7-8-ноябрь күндөрүн “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү” деген жарлыгы болду. Бул жарлыкты мен дагы жалпы эле кыргызстандыктар сыяктуу жылуу кабыл алдым. Анткени, ушул “биз жашап жаткан замандын түптөлүшүнө кезегинде өз салымдарын кошкон ата-бабаларды эскерели” деген жаштарды, эл-жерди, Ата Мекенди сүйүүгө тарбиялоо деп ойлойм.

Ушул максатта менин уулум Рысбек Акматбаев дагы өз учурунда ата-бабаларды эскерип, кезегинде жеке салымын кошту. Буга далил катары Чолпон-Ата шаарында Чолпон-Ата олуянын күмбөзүн, Тоң районуна караштуу Кызыл-Туу айылына Эр Табылды бабабыздын күмбөзүн салдырып, алардын жаркын элестерин эскерип, тоюн өткөрдү.

Түштүк жергебизде кезегинде Курманбек баатыр кандай роль ойносо, Нарын менен Ысык-Көл өрөөнүн калмактардын баскынчыларынан коргоодо Эр Табылды ошондой эле роль ойногон. Түштүктө Курманбек баатырдын эстелигин куруу үчүн Жалал-Абад облусу түп көтөрүлө киришсе, Эр Табылды бабабыздын күмбөзүн курууда Рысбек уулум элден, мамлекеттен бир тыйын сурабай, өз күчү менен курдурган. Ошондой эле Чолпон-Ата шаарындагы, Орто-Токой айылындагы мечиттерди жеке демилгеси менен салдырган. Биздин өрөөндөгү Чырпыкты, Сары-Камыш айылдарында мечиттерди салууда өз жардамын аяган эмес. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин коюп, 10 талапкердин ичинен жалпы шайлоочулардын 87% добушун алып, жеңгенине карабастан Курманбек Бакиевдин кийлигишүүсү менен мандаты берилбей калган.

Ошондуктан, “Тарых жана бабаларды эскерүү” күнүнө карата Чолпон-Ата шаарындагы Совет көчөсүн “Рысбек Акматбаев атындагы көчө” деп кабыл алып берүүңүздөрдү суранабыз.

Чолпон-Ата шаарындагы туруктуу жашаган 9 атанын он башыларынан чогулткан эсеби 354 адамдан турган жана калаадагы Совет көчөсүнүн туруктуу жашоочуларынын атынан аталган көчөгө Рысбек Абдымалик уулунун ысымына которуп берүүңүздөрдү суранабыз. Бул демилгени колдоп, Чолпон-Ата шаарынын кол койгон тургундарынын жалпы саны 600гө чукул экени кайрылуу каттарыбызда тиркелген. Чолпон-Ата шаарынын тургундарынан тышкары да бул демилгени Ысык-Көлдүн башка тургундары да күн сайын колдоого алышууда.

Кайрылуу ээси Чолпон-Ата шаарынын 82 жаштагы тургуну

Абдымалик АКМАТБАЕВ    

P.S. Кайрылуунун түп нускасы редакцияда сакталуу. Келерки саныбызга бул тууралуу айтылуу Рысбек Акматбаевдин атасы Абдымалик Акматбаев өз чындыгын коомчулукка биздин гезит аркылуу жарыя кыларын билдирди. Эмесе, кийинки саныбыздан Абдымалик Акматбаевдин маегин күтүп турсаңар болот. 

Булак: Азия Ньюс 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: