Menu

Канткен күндө да Чубак ажы уникалдуу

Бөлүшүү:

Мейли, сөз деген айтыла берет, жыртыла берет. Бирок, Чубак ажынын популярдуулугу күндөн-күнгө артып баратканы жалган эмес. Москвага барса деле, Туркияда жүрсө деле аны тегеректеп алган миңдеген күйөрмандары суроолорун берип бүтүрө албайт десең. Болгондо да ойт берме соболдорду тууралап туруп жаткыра чаап жатканы менен ого бетер бүйүрдү кызытып жатпайбы. Эгерде “парталаштарына” окшоп тартынып, сыпаа көрүнгүсү келип жооп бергенде башкалардай болуп жашай бермек. Ошол өзгөчө сезимталдыгы аркылуу көпчүлүктү тамшандыра күлкүгө бөлөп дагы жашагыңды келтирип турганын көрчү, атаганат!

Бекерден бул киши төшөк жаңыртпаптыр да? Көрсө кумарлануудан ооруңан сакайып, жашарып, беттериң жалтырап, мээң тимеле роботтукундай иштеп, өзүңдү шер ойлоп калат экенсиң? Мунун касиети ургаачы менен эркектин ортосундагы катнашууда экенин дал ушул ажыке тастыктап берип жатканына не дейбиз? Баракелде, Чубак ажы, карандай ак нерсеге оролгон кеңештерди бир да сексапотологдон уга албайсың. Алар барсаң эптеп эле акчаңды алуунун амалын жасайт. Ал эми ажыке болсо кеңешин бекер эле угузуп чоң көмөк көрсөтүп жатпайбы, пенделерге ботом. Мен маселен, Чубак ажыны баштагыдан да кадырлап калдым. Жашоого болгон ышкымды козгоп, билбей жүргөн турмуштагы маанилүү маселеге көзүмдү ачканына чексиз ыракматымды айтам. Кокуй, бир зарыл ишке кечигип калбайын, кыдыңдап көрөр көзүмө жетейин. Ким эле кумардын туу чокусуна чыккысы келбесин!

Чулдурак Жатпасов

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: