Menu

Маркум Табылды Эгембердиевге айкел орнотулду

Бөлүшүү:

“Шоро” компаниясынын баш кеңсесине маркум ишкер Табылды Эгембердиевдин стелла-айкели орнотулду. Эстеликтин ачылыш аземине шаар бийлигинен өкүлдөр, ишкерлер жана жалпы эле Табылды Эгембердиевдин замандаштары катышты. Стеллада Табылды Эгембердиевдин ишкерлик жолу чагылдырылган.

Сүрөттүн башында чакан казанга кайнап жаткан жарма, анын базарга чыгышы жана чоң компанияга айланышы тартылган. Анын алдында ишкердин андан аркы келечекти көрсөткөн тулкусу орнотулган.

“Шоро” компаниясынын негиздөөчүсү, публицист, ишкер Табылды Эгембердиев 2015-жылы 16-майда, 64 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Ал 1992-жьшы иниси Жумадыл Эгембердиев менен бирге улуттук суусундуктарды чыгарган “Шоро” компаниясын негиздеген. Акыркы жылдары тоо туризмин өнүктүрүүнү максат кылып, өлкөдөгү уникалдуу “Супара”, “Супара-Чуңкурчак” этнокомплекстерин түптөгөн.

Бүгүн “Шоро” компаниясынын 25 жылдык мааракесин белгилеп жатат.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: