Menu

Нариман Түлеев: “Атамбаев мага “көп кайгырба, 2020-жылы жеңип келип, баарын жайына коёбуз!” деп айтты”

Бөлүшүү:

“Атамбаев менин гана эмес, менин бир туугандарымыдын, 10 жыл мурун ажырашып кеткен аялымдын да мүлктөрүн тарттырып алды, убакыт келгенде биз анын баарын кайра кайтарып алабыз,  алтургай мен абакта жатканда көзү өтүп кеткен, жерде жаткан атамдын өз колу менен 95-97-жылдарда курган үйүн да тарттырып алды. Мени болсо 2010-жылда кылмыш жасады деп айыптап жатышты, бирок, эмне үчүн менин туугандарымдын ага чейин тапкан мүлктөрүнө асылышты”, – деп билдирди бүгүн, 6-декабарда Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев журналист Бермет Букашеванын “Секреты власти” телеберүүсүндө.

“Соттун мага болгон өкүмүндө да менин жана жакындарымдын мүлктөрүн конфискациялоо тууралу чечим болгон эмес. Ошого карабай Атамбаевдин учурунда мамлекеттик рейдерлик болду.  Түнүчүндө келип финпол менен укук коргоо органдары менин жана туугандарымдын мүлкүн рейдерлик менен басып алышты. Самолетто Атамбаев менен сүйлөшкөндө анын айткандары боюнча мен парламентти коркутуу үчүн биринчи үлгү болгонумду түшүндүм. Менин мисалымда Атамбаев парламентке “Кимиңер кыңк этсеңер Түлеевдей болосуңар!” деп кол кезеген. Ошондон кийин парламент “жибектей” болуп калбадыбы. Бийлик оңго десе оңго, солго десе солго басып калышты. Атамбаев мени менен парламентти коркутуп, бийликти узурпация кылып алды.  Мен Атамбаев менен бул тууралу самолетто сүйлөшкөндө ал “эми ушундай болуп калды,эми баарын түшүндүм” деди. Мен “сенин уятың жок экен, Монголияда же бир башка чет өлкөлөрдө жер титиресе, сен эртеси таң атпай көңүл айтасың, ал эми мен же менин туугандарым сага кайрылса көңүл да буруп койбодуң” дедим.  Ал “эми ушундай болуп калды, көп кайгырбай коё тур, 2020-жылы парламенттик шайлоодо жеңип бийликке келсек, баарын кайра жайына коёбуз” дейт. “Мен кайгырбайм, сен кайгырасын, сен жакында камаласың” деп жооп бердим”, – деди Нариман Түлеев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: