Menu

Замирбек Айдаров, КР Транспорт жана жол министринин милдетин аткаруучу: «Саясатка аралашпайм»

Бөлүшүү:

Мамлекетибизде көйгөйлүү маселелердин бири – жол маселеси. Өзгөчө акыркы айлары катуу талкууну жаратып,  учурда тынчыган өңдүү. Быйылкы Көчмөндөр оюнуна байланыштуу бул суроонун тегерегинде коомчулук менен  саясатчылар  арасында ар кандай ой-пикирлер болуп, сындар айтылды. Бул жаатта КР Транспорт жана жол министрине атайы барып айтылган кептерди тактап жолугуп маек курдук.

– Замирбек  Казакбаевич, Сиз министрликке келгениңизге аз убакыт болсо дагы бир топ иштерди ийгиликтүү алып кетип жатасыз? Кыйынчылыктар болдубу?

– Ооба, министрликке келгениме алты айдын жүзү болду. Оор мезгилде келип калдык. Себеби, өлкөбүздө быйыл эл аралык иш-чараларыбыз көп болду, ошого жараша жолдорду жаңылоо, реконструкциялоону тез арада бүтүрүү керек болду. Айтсам, Үркүндүн 100 жылдыгына карата мемориалдык комплекс ачылды, ага карай жол салдык. Андан кийин Бишкектен аэропортко карай жол. Иште эң чырлуу болуп,  бир топ маселе жаратканы –  Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду жолу болду.  Жумуш эки ай токтоп турду. Биздин тармакта курулуш сезону өтө кыска мөөнөт болот. Себеби, суукта жолду жасоого  болбойт. Акыры өкмөт саясый чечимди туура кабыл алып, бюджеттен 1,5 млрд.  сом   бөлүп берди. Эки айлык мөөнөттө жолдорду салышыбыз керек болду. Көчмөндөр оюнуна карата тез арада бүтүрүү керек эле. Негизи башында Тамчы аэропортунан баштап Чолпон-Атадагы ипподромго чейин деген атайы планыбыз бар болчу. Биз мында аэропорттон Чоң-Сары-Ойго чейин, анан ипподромдун 3 км жолун жасап жетиштик. Бул жаатта кыска мөөнөттө мамлекетибиз чоң иш кылды. Эл аралык, дүйнөлүк масштабда оюндар ойнотулуучу, иш-чаралар өтүүгө  ылайыктуу, келишкен ат майданы салынды. Француздар атайы сертификат беришти. Бул абдан чоң жетишкендик. Эми биз башка мамлекеттерди чакыра алабыз. Чет жактагылар биз олимпиадалык оюндарга төрт жылда даярдансак, силер эки жылда бүтүрүп салдыңар деп таң калып жатышат. Кыйынчылык боло берет, болгону убагында ыгын таап ишти жасап кетүү керек.

– Ушунча тез аранын ичинде жолду бүтүрүп салдыңар, а сапаты кандай болду? Кайрадан эмки Көчмөндөр оюнуна жасап отурбайсыңарбы? Ортодо  жолду салган кытайлык компаниянын лицензиясы жок экен деген дагы маселе  жаралды…

–  Көчмөндөр оюндарына байланыштуу шашылыш бүтүрүлүп, сапатсыз  курулду деген пикирлер болбошу керек. Жол курулушунда иштегендер бир дем менен иштешти, ал эми жолдордун сапаты талапка жооп берет. Бул жаатта эч кам санабоо керек. Себеби кынтыксыз, атайы конструкция менен салдык. Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду жолу салынып жатканда ал жакта мен дагы жүрдүм. Иш эч токтогон жок. Күнү-түнү смена менен иштеп жаттык. Албетте оор күндөр болду, ал ортодо катуу да сөздөр айтылды, жакшы да сөздөр айтылды дегендей. Эгерде антип талыкпай иштебесек мындай жыйынтыкка келбейт болчубуз.

– Өзүңүз бир гана ушул жол тармагында эмгектенген адис экенсиз,  балким кийин саясатка аралашып, кандайдыр бир саясый жолдор менен дагы чыгайын деген пландар барбы?..

– Өмүр бою жол тармагында эмгектенип келе жатам. Мына, 36 жылдын жүзү болду. Жолду эксплуатациялоодон баштап реабилитациялоого чейин бардым. Өлкөбүздүн көп аймактарына далай жолдорду салдык. Илгерки биз салган жолдор азыркыга чейин бар, ошол жолдор менен өтүү мен үчүн кандайдыр бир чоң бакыт. Негизи жол салуу – бул чоң бир ийгилик деп айта алам. Ошол жолдо баскан ар бир адам батасын берип, жакшы тилегин айтып турса чоң жетишкендик деп ойлойм. Жол адистигин тандаганыма дагы өкүнбөйм. Менде эгерде жолдор жакшы болуп турса – бул экономиканын өнүккөнү деген тыянак бар. Себеби, жолуң кандай болсо ишиң да ошого жараша болот эмеспи. Бардык нерсе жолго байланышкан. Жолго кеткен каражат кайра кайтарылып келбесе дагы көп ийгиликтерге себепчи болот деп эсептейм.  Мамлекетибиздин жолдору зыңгырап турса албетте көз кубанат, туурабы? Эми саясат жаатына келсем, мен эч качан саясатка кызыгып артынан түшкөн эмесмин, кызыкпайм дагы. Чечендик кылып кооз да сүйлөй албайм. Ар бир адис өз ишин мыкты билгенде гана иш оңолот деп билем. Анын сынары, мен жол адисимин, ушул ишимдин жыйынтыгы жакшы болуп, элден  ыраазычылык алсам экен деген гана аруу ойлорум бар. Негизи кесибимде эң көп тажрыйба алганым – бул Ош-Бишкек жолу болду. Бул жерде алты жыл эмгектендим, көп нерсени үйрөндүк. Азыркы тапта ошол жактан алган тажрыйбаларым мага эле эмес, ошол жакта бир команда болуп иштеген кесиптештериме дагы жакшы тажрыйбасын көрсөттү. Ал жакта чет мамлекеттик эксперттер менен иш алып бардык. Жолду салган түрк компаниясы болду, япон компаниясы менен иштедик, ал эми жолдун сапатын текшерүү биздин мойнубузда эле. Биздин мамлекет боюнча министрликке  18 872 миң чакырым жол карайт. Баланста 57 мекеме, 9 башкармалык бар. Күнү-түнү талыкпай, майрамдарда дагы эч талыкпагандар  – ушул жол жаатында иштеген адистер. Булар ар дайым иште.

– Негизи башка нерселердей эле жолдун дагы өзүнүн мөөнөтү болсо керек…

– Ооба, жолдун мөөнөтү негизи 15 жыл болот. Анан ар бир беш жыл сайын сапатын текшерип реконструкциялап, жаңылап туруу зарыл. Биздин мамлекетте тилекке каршы каражат тартыш болгондуктан бул кээ бир учурда көйгөйлүү маселеге айланып калат. Бирок ага карабастан жолдорду оңдоп-түзөө иштери токтогон жок, жүрүп жатат.

– Борбордо акыркы он жыл аралыгында пробка деген көйгөй жаралып, ал жылдан жылга көбөйүп бара жатат. Бул маселени кандай чечсе болот? Дегеле, метро же жолдун дагы башка түрлөрүн салуу планда барбы?

– Туура, бул эң көйгөйлүү маселелердин бири. Борбордун жолдору биздин министрликке карабайт, бирок ошентсе дагы адис катары айтсам, бизде метро салуу кыйла оорчулук жаратат. Себеби, биринчиден, сейсмологиялык районго киребиз, экинчиден, салынган үйлөрдүн жыштыгы бул нерсеге жол бербейт. Албетте учурда атайын  долбоорлор менен жолчырактардын көйгөйлөрү  чечилип калды,  анан акырындык менен айдоочулар буга да көнүп калышты. Ушинтип акырындык менен маселе чечилип, өз ордуна келет деп ойлойм.

– Кытай менен байланыштыра турган темир жолду куруу маселеси эмне болду?

– Кытай менен байланыштыра турган темир жол бул көп жылдан бери көтөрүлүп келе жаткан маселе. Бул жакта маселе жараткан бир суроо – эки мамлекеттин темир жолдорунун стандарттарынын айырмачылыгы. Бизде маселе темир жолдун кеңдиги тигилерге караганда чоңураак болуп жатат, мындайча айтканда, биздики ширококолейка, тигилердики узкоколейка. Кытайдан Казакстанга, же болбосо Кыргызстандан Казакстанга чейин келип, ал жерден перевалочный база куруп орнотсо болот. Жолу, линия даяр. Эми бул маселе эксперттик группалардын деңгээлинде турат. Өзбек, кыргыз, кытай адистеринен турган үч группа иштеп чыгып, бүткөндөн кийин гана маселе чечилет. 3-4 варианттар бар. Мисалы, Балыкчы-Каракече темир жолун алдыга чыгарып жатабыз. Кайрадан жандандырып салсак абдан жакшы болуп, экономикага зор салым кошкон болот. Эксперттер бул ишти ынандыруусу керек. Анан бул жакта тоннель маселеси дагы бар, ага сарпталчу каражат маселеси көп сумманы чапчыйт.

– Быйыл Көлдө сел жүрүп кетти. Бул жолду салуудагы кемчиликпи, же…

– Жолду салууда эч кемчилик болгону жок. Сел – бул  жаратылыштын кубулушу, тилсиз жоо.  Быйыл баардыгына маалым болгондой жаан-чачын өзгөчө болду, нормадан дагы ашты десек болот. Жолдорду салганда атайы бассейн деп коет, суу толуп, анан арык аркылуу агып кете турган нерсе курулат. Быйыл ошол бассейндер жаандын көптүгүнөн толуп-ташып кеткендигине байланыштуу жолдо ушундай көрүнүш болду. Негизи айтып коет эмеспи, суу өмүрдү узартат деп, ал эми жол маселесине келгенде тескерисинче  суу жолду жеп салат. Ошондуктан жолдорду салууда, жыртылган жолдорду ремонттоодо атайы технологиялар менен иштейбиз. Кээ бир жерлерде болот жана көрүнүп эле турат, жолдо тешик аркылуу суу толуп, анан ал суукта тоңуп акыры жарылат дагы жолду кошо жарат. Ошол себептен кээ бир учурда жолдорду жамаачылоого  туура келет.

– Акыркы учурда сизди кытайлыктарга тиешелүү машинаны минип жүрөт деген  ар кандай кептер айтылып жатат…

– Ооба, бул ар кыл талкуу жаратып койду коомчулукта. Тактап айтсам, бул машина мага чейин эле атайы келишим менен министрликте кызматтык  болуп катталган экен. Бул унаа министрликке же болбосо мамлекетке эч кандай зыян алып келген жок, тескерисинче бул унаа менен мен ишке байланыштуу мамлекет ичинде элүүдөн ашык командировкага барып, жолду көрүп, кыдырып көп маселелерди чечип алууга жетиштим. Бул эч кандай маашыркануу же мактануу эмес, бул жөнөкөй эле машина. Бул жактан эч кандай саясат издөөнүн кереги жок. Кытайлыктардын машинесин минсек биз аларга көз каранды болуп калыптырбыз  деп,  же болбосо коррупциялык өңүттө ар кандай ой-толгоо кылуу – бул болбогон кеп.

Назира-Бегим

Булак: Асман плюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: