Түркмөнстан аймактарынан маданият жана билим берүү тармагында иштеген 800дөй киши Нооруз майрамына даярдануу үчүн Ашхабадга келди. Буга чейин өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов салтанатты “жогорку деңгээлде уюштурууну” тапшырган.
Майрамга даярдык көрүү борбор калаадан 20 чакырым аралыкта жайгашкан Ахал жайытында өтүүдө. Нооруз майрамы ушул жерде белгиленет.
“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, атайын режиссердун жетекчилиги алдында даярдык бир аптадан бери уланууда.
Бул арада аймактардан келген кызматкерлердин он күндүк сапар акысы мамлекет тарабынан төлөнөрү айтылган. Бирок иш-чаранын катышуучулары бийлик аларга мейманканадан орун гана бергенин, жол кире жана тамак-аш чыгымдарын өзүлөрү көтөрүп жатышканын билдиришүүдө.
“Поезддге билетти өз акчабызга сатып алдык. Албетте, кийин чыгымдарды төлөп беребиз деп жатышат. Бирок бул жакка келгендердин 35-40% алигиче февралдын айлыгын алыша элек. Андыктан айрымдар Ашхабадга келиш үчүн тааныштарынан карызга акча алышты. Башка жол жок, эгер жумушуңдан айрылгың келбесе, талапты аткаруу керек”, – деди өзүн Айболек деп тааныштырган кызматкер.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ