Бир сутка ичинде дагы 3 медициналык кызматкерден коронавирус табылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Медициналык кызматкерлердин арасынан коронавирусту жуктуруунун жаңы учурлары: Бишкек шаарында – 2, Нарын облусунда – 1 учур катталган. Ал эми өткөн суткада коронавирустан айыккан медициналык кызматкер ооруканадан чыгарылган.
Кыргызстан боюнча жалпы 273 медициналык кызматкер коронавирусту жуктуруп алган. Алардын ичинен 224ү ооруканалардан чыгарылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ