Бүгүн, 10-март күнү Бишкектеги Уркуя Салиева эстелигинин алдында аялдарга карата зомбулукка каршы митинг өтүп жатат. Ал жакка жүздөгөн адамдар чогулушкан.
Митингге рэп аткаруучу Тата Улан келди. Ал өз сөзүндө аялдардын укугу корголушу үчүн эркек намыстуу болушу керектигин айтты. Качан гана эркек намыстуу болгондо, ал энесин, аялын коргойт.
Ырчы Тата Улан аялдарга карата зомбулукка каршы экенин, алардын укугун коргой турганын айтты.
“Мен аялдын укугун коргойм. Бирок, тескери багытты, бир жыныстуу никени жана башка нерселерди колдобойм. Бул элибизде болбогон нерсе, болбошу дагы керек” – деп билдирди ырчы.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ