КР Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Теодор Герцен атындагы көркөм сүрөт музейине барды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда КР Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, министр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, аталган музейди Маданият министрлигинин карамагына алуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Сүйлөшүү учурунда музейдеги экспонаттарды сактоо жана эффективдүү пайдалануу талкууланган.
Эске салсак, буга чейин Министрлик тарабынан, Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылдык кеңеши менен биргеликте “Теодор Герцен атындагы көркөм сүрөт музейин мамлекеттик менчикке өткөрүү тууралуу бир катар иш аракеттер жүргүзүлүп келген.
Алгачкы музей 1959-жылы Ленинполь районунун (Бакай-Ата) Орловка айылында (азыркы Ак-Дөбө) сүт товар ферманын 1 бөлмөсүндө ачылган. Кийин музей эски мектептин имаратына көчөт. Азыркы музейдин имараты 1989-жылы бүтүп, колдонууга берилген. Музей экспонаттрга бай жана анын ичинде тарыхый казууларда табылган буюмдар да бар. Теодор Герцендин өзүнүн жана уулу Теодордун эмгектеринен тышкары музейде мурунку СССРге кирген 15 республиканын кыл сүрөтчүлөрүнүн айрым эмгектери да орун алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ