Menu

Трамп Клинтондун добуштарды кайра санап чыгууну колдогонуна «капа»

Бөлүшүү:

АКШнын президенти болуп шайланган Дональд Трамп атаандашы, Демократиялык партиядан президенттикке талапкер болгон Хиллари Клинтондун башкы үч штаттагы добуштарды кайрадан санап чыгуу демилгесин колдогонуна капаланып жатканын билдирди. Ал мындай пикирин Твиттердеги баракчасына жазды. Буга чейин Клинтондун штабы Висконсиндеги добуштарды кайра санап чыгууну кубаттай турганын билдирген.

25-ноябрда штаттын шайлоо комиссиясы Жашылдар партиясынан талапкер Жил Штайндын тиешелүү өтүнүчүн канааттандырган. Ал добуштарды кайрадан санап чыгуу демилгесин Висконсиндеги «статистикалык аномалия» менен түшүндүргөн. Штайн ошондой эле Мичиган менен Пенсильванияда да добуштардын кайра саналышын каалайт. Буга чейин Трамп анын аракеттерин «митаамчылык» деп атаган.

АКШда 8-ноябрда өткөн шайлоодо демократ Клинтон атаандашы, республикачы Трамптан миллиондон ашуун көп добуш алган. Бирок АКШдагы штаттардын тең салмактуулугун камсыздаган кош добуш берүү системасына ылайык, шайлоочулар коллегиясынын аз добушуна ээ болгон. Трамп 290, Клинтон 232 шайлоочулар коллегиясынын добушун алган. Мындай жол менен Трамп шайлоодо жеңип чыккан эле.

27-ноябрдагы маалыматтар боюнча, Мичиганда Трамп Клинтондон 11 миң добуш көбүрөөк алып алдыда келе жатат. Бул жыйынтыктар бүгүн мамлекеттик тастыктамадан өтүшү керек. Эгер добуштарды кайра саноодо Клинтон Мичиган, Висконсин жана Пенсильвания штаттарында жеңишке жетсе, анда ал шайлоочулар коллегиясынын добуштарынын көбүнө ээ болуп калышы мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: