Италияда акыркы сутка ичинде коронавирустан 368 адам көз жумду. Жалпы 1809 жаран каза болгон. Бул тууралуу Жарандык коргоо департаментинин башчысы Анжело Боррелли жыйында билдиргенин жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Берилген маалыматтарга таянсак, өлкөдөгү коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 20,6 миң адамга жеткен. Ал эми айыккандардын саны 2335 адам.
Ошондой эле Италиядагы билим берүү мекемелери, кинотеатрлар, музейлер, спорттук жайлар жабылып, масштабдуу маарекелерди өткөрүүгө тыю салынган. Башка шаарлар менен байланыш токтогон жана туристтерге өлкөгө киргенге болбойт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ