Menu

Мадумаров качан эли үчүн иш кылат же сүйлөп жүрүп картаябы?

Бөлүшүү:

Ар бир убакыттын өзүнүн талабы болот экен. Убагында биз кооз сүйлөгөндөрдү ээрчип да жүрдүк. «Ушул саясатчы чукугандай сүйлөйт экен, ушуга ишеним артсак дурус болчудай» деген убакыттар өттү. Бирок, биз ишенген кооз сүйлөгөндөр кооз иштей албай тургандыгын турмуш жүзүндө тастыкташты. Көрсө, алар жөн гана сүйлөйт экен, сүйлөгөнүндөй иштей алышпайт тура.

Маселен, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров. Акаевдин доорунда капкара тармал чачтуу Мадумаров сүйлөгөндө муюп укчубуз. Жөндүү сүйлөп аткандай туюлчу. Көрсө, анын баары жөн гана публикага ойноо экен. Анысын К. Бакиевдин заманында ЖК төрагасы, Коопсуздук кеңешинин катчысы, вице-премьер сыяктуу үлкөн кызматтарды аркалап жүрүп тастыктады. Элибиз үчүн, мамлекет үчүн бир жарытылуу, айта жүргөндө эп боло турган иш жасай алган жок. Болгону «ЖКнын имаратын жаңгак жыгачы менен кооздойт элем, болбосо чет мамлекеттерден келгендерден уялып атам» деген аракети гана эсте калды.

Андан сырткары кошоматчылыктын классикалык үлгүсүн да мыкты көрсөтө ала турганын билдик. Муну ал канкор К. Бакиевдин бир тууган иниси Жаныштын юбилейинде колуна камчы карматып, «каалаганыңыздай камчылаңыз» дегени менен далилдеген.

Ошентип «жылдызы жанып» жүргөндө 2010-жылы апрель революциясы болуп кетти. Анан биз Мадумаровдун али ачыла элек жаңы жүздөрүн көрө баштадык. Ал үчүн өзүнүн элинин байгерчилиги, тынчтыгы, бакубат жашоосуна караганда кызмат кумары өйдө тураарын тастыктады. Ал канкор режимге каршы чыгып, Ала-Тоо аянтында шейит кеткен баатырларды «Жырткычтар» деп атады. Канкор Бакиевдердин дарегине таптакыр жаман сөз тийгизгиси келген жок. Тескерисинче «Акаев менен Бакиевди мен чоң урмат-сый менен алып келем» деди.

Элге албетте, канкорлорду урмат-сый менен алып келүүнүн кереги жок болчу. Эл алардын тиешелүү жазасын алышын гана каалашат. Ошондон улам 2010-жылдан бери А. Мадумаров бир дагы шайлоодо жеңишке жетише элек. Шайлоолордо жеңилгенде жигиттик кылып жеңилгенин да мойнуна ала элек. Анын ордуна Россия, Түркия, Казакстанга чейин барып, ал жактагы мекендештерибизге жолугуп, арыз-арманын айтып жүрөт. Бирок, ал жактагы кыргызстандыктар да Мадумаровду колдошкон жок. Себеби, өз элине жакшылык каалабаган, кызмат үчүн жантыгынан жата калып кошомат кылган, тили менен гана буудай кууруган саясатчынын доору эбак эле өткөн эмеспи.

Ошого карабай эми ал Америкага сапар алганы атканын эшиттик. Бизге жеткен ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда Мадумаровдун жакындары ага АКШга баруусу үчүн виза ачтыруу менен алек болуп жүрүшүптүр. Кыязы, эми ал океандын ары жагына барып, ал жактагы кыргызстандыктарга арманын айтканы атса керек. Андан сырткары Мамдептин айрым өкүлдөрүнө да «Мени кабыл алып койгулачы» деп жалдырай тургандай түрү бар. «Баланча суммада каражат берсеңер, мен Кыргызстанда революция жасап, Американын базасын Кыргызстанга кайра кайтарып келем» деген убаданы катыра бере турган болсо, анда Мадумаров да чындап өз элине батпай калышы мүмкүн.

Булак: Багыт 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: