Ыраматылык куудулубуз “Шорпо” Жаныбек Алыкулов уулдарын аябай жакшы көрчү эле. Кенже уулу Гүлжигитти “Ушул балам чоң футболист болобу деп жүрөм” деп калчу эле. Ансыгандай Гүлжигит Алыкулов футбол талаасында өзүн мыкты көрсөтүп келет. Ал болгону 18 жашта. Белорусиянын футбол чемпионатында “Неман” (Гродно) командасында ойнойт. Кыргызстан курама командасына да кирди. Бүгүн, 15-октябрда Улан-Батордо өтө турган оюнда Монголияга каршы чыкмакчы. Өткөндө Мьянманын да дарбазасына гол киргизгенин көрдүк. Аны видеодон караңыз:
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ