Ар бир адамды сатып алса болот жана ар биринин өз баасы бар. Жоомарт Оторбаевдин убагында өкмөттүн маалымат кызматын бир жылча жетектеген Гулнура Төралиева деген айымды Сапар Исаков кайрадан ошол кызматына алып келди. Төралиеванын бул кызматтан көзү учуп, өкмөттөн кетээр менен азыркы бийликти сындаганын токтотподу. Бийликтин өзгөчө эркин ММКларга карата иш-аракетин сөз эркиндигин чектөө катары сыпаттап, ушул эле Сапар Исаковдун өкмөтүнүн курамын “45 жаштан ашкандарды кантип жаш өкмөт деп жатат” – деп Фейсбукта сындаган посттору бар эле. Эми кызматка барары менен анын баарын баракчасынан өчүрүп, эч нерсе болбогондой, креслого барып отуруп калыптыр. Гулнура эгерде принциптерине бекем турса, өзү айтмакчы, сөз эркиндигин чектеген бийликке жетип барып кайрадан кызмат кылбай, бул сунуштан баш тартышы керек эле. Гулнуранын баасын эми билдик – бул кызмат жана кресло экен. Ал эми Сапар Исаковго “бали!” дегенден башка эмнени айтабыз? Азамат, дагы бир псевдо оппозиционердин оозун жапты!
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ