Диний аалым, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун сөөгү бүгүн, 11-июлда киндик каны тамган Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында жерге берилет. Бул тууралуу Улан Давлеткулов Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
“Устаздын жаназасы бүгүн, 11-июлда болжол менен саат 16:00, 18:00 чамасында Базар коргон районундагы Бай-Мундуз айылында болот” – деп жазган Улан Давлеткулов.
Чубак ажы Жалилов буга чейин өпкөсүнөн кагынып, үйүндө ооруп жатып, 10-июлдан 11-июлга караган түнү Бишкектеги улуттук госпиталда жеткирилген. Анда ал эс-учунда болгон, бирок дарыгерлердин ыкчам көрсөткөн жардамына карабай бир сааттын ичинде көзү өткөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ