Menu

Элчилик: Москвада кармалган кыргызстандык 42 жарандын көбү бошотулду

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова “Азаттыкка” билдиргендей, кыргызстандыктар 10-июлда Москванын Таган районунда футбол чемпиондугу маалында коопсуздук үчүн жүргүзүлгөн кезектеги текшерүүдө кармалган.

Аларды кармоо Орусияда күчүнө кирген миграциялык каттоо тууралуу мыйзамдын катаалдашканы менен байланыштуу эмес.

42 жарандын миграциялык документтери текшерилип, көбү кайра кое берилген.

10-июлда Москванын Таган районунда кыргызстандык мигранттар эч кандай түшүндүрмөсүз камакка алынганын укук коргоочу Валентина Чупик кабарлаган. Ал жалпысынан жетимиштей адам кармалып, анын жарымы акча берип бошоп чыкканын, калган отуздай кыргызстандык катаал шартта камакта калганын, аларга котормочу жана консулдар менен байланышууга уруксат берилбей жатканын билдирген.

Элчилик “жалаң эле кыргызстандыктар кармалууда” деген маалыматты четке кагып, Москванын Таган районунда Кыргызстандан барган мигранттар көп экенин айтууда. Таган полиция бөлүмүндө кармалган 42 кыргызстандыктын сегизи калганы белгилүү болду.

Орусияда эмгек мигранттарын каттоо эрежелерин катаалдаштырган мыйзам ушул аптада күчүнө кирди. 27-июнда президент Владимир Путин кол койгон документке ылайык, эми мигранттар иштеген жери боюнча каттоого тура албайт. Аларды каттоо жашаган жери боюнча гана жүргүзүлөт. Буга чейин жумуш берүүчүлөр мигранттарды иштеген жеринин юридикалык дареги менен каттоого укуктуу болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: