Кыргызстанга дүйнөнүн кайсы бурчунан болбосун ар кандай товарлар келип түшүп, ээн-жайкын сатылып жатат. Бирок көбүнүн бетинде ал кайсы өлкөдөн келген, курамында эмне бар, чыккан дареги, өндүрүлгөн күнү сыяктуу маалыматтары бизге түшүнүксүз, ошол өлкөнүн өз тилинде келип жатат. Ушундан улам жергиликтүү жарандарда бул чет элдик буюм-тайымдарды алууда чоң суроолор пайда болуп келген. Мына ошол көйгөйдү кечээ парламент депутаты Махабат Мавлянова көтөрүп, бул боюнча тиешелүү органдар чара көрүү керектигин эскертти. Ооба, чындап эле бүгүн биз кандай сапаттагы, кайсы өлкөдөн келген товарларды алып жатабыз, колдонуп жатабыз, анын пайдасы барбы, зыяны жокпу деген суроолорго жооп алууга тийишпиз.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ