Menu

Казакстанда тургундар COVID-19дан айыккандар үчүн реабилитациялык борбор курууга каршы болууда

Бөлүшүү:

Казакстандын Орол шаарындагы «Жулдыз» кичи районунун 20дан ашык тургуну аймакка коронавирус менен ооруп айыккандар үчүн реабилитациялык борбор курууга каршы болууда.

Алар кичи райондо даярдалып жаткан курулуш аянтынын жанына чогулуп, борбордун курулушу жергиликтүү тургундардын арасында коронавирус «жуктуруп алуу тобокелдигин жогорулатарын» билдиришти.

«Оорукана бул жерге курулбашы керек. Биз, балдарыбыз бейтаптар менен автобуста чогу жүрсөк кантип ооруп калбайбыз? Биздин үй менен оорукананын ортосундагы аралык болгону 100 метр. Оорукана курууга башка жерлер бар. Аким, элди угуңуз. Биз курулушка каршыбыз!», — деди Есбатыр Сисенов аттуу тургун.

Чогулгандар Сисеновдун айтканын колдоп, «Андан көрө мектеп салгыла!», «Жол жээктерин оңдогула!», «Балдар аянтчасын кургула!» – деп кыйкырышты. Алар менен жолуккан калаа башчы Абат Шыныбеков менен Облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Болатбек Каюпов оорукананын курулушу жашоочулардын ден соолугуна коркунуч жаратпай турганын билдиришти.

– Бардык ири ооруканалар шаарлардын борборлорунда жайгашкан. Алардын айланасында көп кабаттуу үйлөр бар. Вирус аба аркылуу өтө жакын аралыкта гана жугат. Силер үчүн эч кандай коркунуч жок, – деди Каюпов.

Калаа башчысы реабилитациялык борбор куруу — Саламаттык сактоо министрлигинин чечими экенин, мэрия болгону ылайыктуу жер таап бергенин билдирди.

«Бул реабилитациялык борбордун курулушу үчүн өтө ыңгайлуу жер. Бардык керектүү коммуникациялар бар. Эпидемия аяктагандан кийин бул жер клиника болуп, жергиликтүү тургундарды тейлейт», — деди Шыныбеков.

Кичи райондун тургундары бийлик өкүлдөрүнүн сөздөрүнө ынанышкан жок. Алар Батыш-Казакстан облусунун башчысы Гали Искалиев менен жолугууга аракет кыла тургандыктарын билдиришти.

Буга чейин Казакстандын башка бир нече аймагында да жергиликтүү тургундар коронавирус менен ооруган бейтаптарга арналган объектилерди ачууга, курууга каршылык билдирип чыгышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: