Menu

Элдар Аттокуров: “Демократия бар, бирок конструктивдүү оппозиция жок”

Бөлүшүү:

“Кыргызстан – демократия аралчысы” аталган тарыхынан бери колуңду ачсаң эсептелген чыныгы конструктивдүү оппозициялар болгон. Тилекке каршы алар бийликке жетээри менен ажыдаарга айланып кетишкен. Көрсө, бийлик кумары менен алтын акчанын азгырыгы, алардын элим үчүн деген аруу тилегин муунтуп саларын турмуш көрсөтүп жатат. Ал эми ажыдаарды азыктандыруу үчүн анын тегерегине оозу жыттанган бардык жырткыч айбандар чогулушуп, үңкүрдөн чыкпай жаткан ажыдаарга ысык кан берип жатышып, сыртта болуп жаткан алааматты жомоктогудай кооз жашоо кылып айтып беришет экен. Бир күнү анын ажыдаар экенин билген эл үңкүргө от коюуп ажыдаарды жок кылышат да, арасынан “Элим!”-деп жаагы тынбаган бирөөнү башчы коюшат. Бирок, анын аз жылда эле бардыгынан көлөмдүү ажыдаарга айланып кеткенин эл билбейт. Ажыдаар мурдагы ажыдаарлардын тагдырын эстеп коркуп, үңкүрдүн түбүндө чогулткан алтындарынын үстүндө жатып башкарам деп өз ордуна башканы койот. Күндөр өтөт, айлар өтөт бирок, ал тарапка суудай агып жаткан элдин каны токтоп калат. Тегерегиндеги оозу сасык чөөлөр менен түлкүлөр мурдагы заман өткөнүн билип ызы-чуу салып ажыдаарды ойготушат. Ачууланган ажыдаар эки чайнап бир жутам деп үңкүрдөн секире бергенде, эл жылынып жаткан мештин узун моруна куйругу менен чалынат.

Оту өчүп тоңуп калган эл сыртка чыгып ооздору ачылат. Көрсө ажыдаар куйругунан чалынганда, бетиндеги “маскасы” сыйрылып кеткен экен. Чоочуган ажыдаар үңкүрдүн түбүнө кире качып, ошо күндөн ушул күн үңкүрдүн түбүнөн “оппозициямын” деген үңүлдөгөн үн чыгат имиш.

КСДП – кооптуу жана коррупцияга мойнуна чейин баткан партияга айланды. Албетте мындай кадыр баркка башка атаандаш партиялар эмес, өздөрүнүн ички интригасы алып келди. КСДП бөлүнгөнү менен ал Атамбаевдин күзгүсү. Ошонун натыйжасында эл КСДПкага мүчө болмок түгүл, КСДПчыга чай бергиси да келбей калган. Буга мисал, Мискенбаев Таласка барып КСДПка жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу акциясын өткөргөндө эле көрүнүп калды. Экс-президенттин эрке талтаңдарынын жасаган коррупциялык ишмердүүлүктөрүнүн бети ачылгандан бери өлкөнү ушундай оор аура басты. Бул, “кан менен келген – кан менен кетет” деген Атамбаевдин аурасы. Бул аура – Мамлекеттин стабилдүүлүгүнө кооптуу жагдайларды жаратууда. Барын эл тараза, эл күбө. Анткени 8-июнда жасаган митингиндеги отургучтар “какшыган чөлдөй” бош турду. Кыскасы, Атамбаев өзүн сактап калуу үчүн өлкөгө граждандык кыймыл жаратып, тирешүүлөргө алып келүү эле. Бирок, тилегин таш каап, эл чогулбай отургучтары бош калды. Ал эми Жогорку Кеңеште Атамбаев жетектеген КСДП фракциясы менен келген депутаттар, министрлер кабинети менен биргеликте лидерин садака чабышып бийликте тырышып, коалицияда отурушат. Алар парламентке партиялык система менен келген. Аларды алып келген партиянын Саясий Кеңешинин мүчөлөрү өтө чоң суммадагы коррупциялык иштер менен абакта жатышса, бул Жогорку Кеңеш эмей эле Ош базарыбы деп кетесиң. Эч кими моралдык жактан кызарып койгон жок. КСДПы ушул составы менен болсо эртең Ажону садака чабарына, бүрсүгүнү мамлекетти садака чабарына айласыз ишенесиң. Чимкирик десе, бир айдан кийин ойгонушту. Ким бирөөлөрдүн макулдугун күтүп отурбай, эмне үчүн учурунда катуу чыгышкан жок. Сатылма бийлик дал ушул, Жогорку Кеңеште отурат. Жогорку Кеңештин 90% мандат алыш үчүн партия лидерлерине мыйзамдаштырылган ири коррупциялык сумма берип киришкен. Партиялык система – ири коррупциялык система экени ачык көрүнүп турат. Ошондуктан Жогорку Кеңеште мурдагыдай эле Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр палатасы болушу керек. Эл өкүлдөрүнө региондун кыйын элдик жигиттери келсин. Алар акчага сатылбайт жана лидерлерин сатышпайт. Манас атам кырк чоросунан акча алган эмес. Азыр региондордо Алмамбет, Чубак, Сыргак боло турган кыйын жигиттер четинен чыгат.

Булак: «13-квартал»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: