Анжияндын элдик билим берүү башкармалыгынын шаардык бөлүмү сабак учурунда окуучуларды каргаган мугалимге катуу жаза берген жок. Агартуучу болгону оозеки эскертүү алды.
Бир нече күн мурун Анжияндагы орто мектептердин биринин мугалими сабак маалында эки окуучуну катуу каргаган. Окуяны жашыруун түрдө уюлдук телефонго тартып алган окуучулардын бири тасманы «Азаттыктын» өзбек кызматына жөнөткөн.
Тасмада орто мектептин мугалими эки окуучуну урушуп, аларды каргап жатканы жазылган: «Силерди Аллах жазаласын! Бутуңар шал болуп, кесип салышса экен! Экөөңөр тең мектепке жете албай калгыла!!! Өлүп кеткиле! Бул өтө жаман каргыш! Силерди Аллах жазаласын! Мени чыр киши деп айткыдай мен силерге эмне кылдым?! Ылайым өспөй, окууга өтпөй калсаңар экен», – деген мугалим.
Ал бул боюнча комментарий алуу үчүн кайрылган «Азаттыктын» өзбек кызматынын кабарчысына: “Бала эмне, коркконунан эс-учун жоготуп жыгылып калдыбы же мурду канадыбы? Көрдүңөрбү, бул менин жакшы ишимдин жыйынтыгы”, – деп жооп берген.
Бул тасма социалдык түйүндөргө тарагандан кийин Элдик билим берүү башкармалыгынын Анжиян шаардык бөлүмү жеке иликтөө жүргүзүү үчүн атайын топ түзүүнү чечкен. Бирок мектепте директор жок болгондуктан чара көрүлбөй, болгону эскертүү берилген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ