Menu

Мавлян Аскарбеков, “Жаңы муун” саясий кыймылынын жолбашчысы: “Жетишет!” деп ачык айтууга убакыт жетти!

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жана “Жаңы муун” саясий кыймылынын жолбашчылары Ош чөлкөмүнүн жаштары менен жолугушту. Маңдай-тескей сүйлөшүүнүн жүрүшүндө калктын активдүү катмары президент Сооронбай Жээнбековдун корупцияга каршы күрөшүн ачык кубатташаарын, бирок, бул аеосуз таймашта бийликке кесипкөй жана мекенчил кыз-жигиттерди байма-бай тартуу зарылдыгын дагы баса белгилешти.

– Ар мамлекетке ат тезегин кургатпастан сапарлап, тилемчилик кылып акча сурап, мамлекетибизди олчойгон карызга батырдык. А мекендештерибизге жумуш издетип, ар өлкөгө тентиттик. Бирок, байларыбыз дагыле дөөгүрсүп уул-кыздарын алыскы Америка жана Европанын бай өлкөлөрүндө окутуп, каалагандай талтаңдап жатышат. Демек, “Жетишет!” деп ачык айтууга убакыт жетти! Муну бизден мурун президентибиз Сооронбай Шарипович өзү туюп-сезип, Коопсуздук Кеңешинин жыйынында “Токтоткула?!?” деп сөмөй кезегени бизге дем байлатып олтурат. Мына, коңшу Өзбекстанды карагылачы, эй? Президенти Шавкат Мирзиеев элине таянып, коррупционерлер менен аеосуз түрдө күрөшүп жатат. Биз деле ошентпейлиби, ыя?

Булак: Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: