Өлкөбүдүн эң башкы укук коргоочусу болгон Токон Мамытов омбудсмен институтунун бир катар кызматкерлери менен биргеликте бүгүн, 18-октябрда УКМКнын СИЗОсуна мурдагы президент Атамбаевге кирип чыккан. Бул тууралуу Токон Мамытов өзү билдирди.
Мамытовдун айтымында, Атамбаев тараптан аны кармаган жайдын шартына эч кандай кинеси жок экен. Мамытов мындан тышкары Атамбаев менен башка да сөздөр болгонун, бирок аларды айтууга укугу жок экенин белгиледи.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ