Menu

Фото – Ким аялы Актотунун «Зингер» кийим тигүүчү машинасын күрөөгө коюп, Төрөкул Айтматовду окууга жөнөткөн?

Бөлүшүү:

Актоту апанын ошол “Зингер” машинасы азыркы күнгө чейин Таласта сакталып турат

«Ар бир кесип – ардактуу» дегендей, мугалимдик – түйшүктүү кесип. «Билим – бийик, мугалим – ыйык». Мугалим ким? Адам жүрегүн, каалоосун, сезимин окуткан, «эжеке-агай» деген керемет сөзгө өз жашоосун байлап кое алган, мектепти да, үйдү да ардактаган, сүйлөсө эле окуучуну кеп кылган, мекен жүгү аны эч качан чарчатпаган адам…

Кытай окумуштуусу Гуан Цызы: «Бир жылды ойлосоң күрүч эк, он жылды ойлосоң дарак тик, жүз жылды ойлосоң билим бер», – деп бекер айтпаса керек. Биздин калыптанышыбызга, илим- билим жолуна түшүп, «адам» болушубузга мугалимдер себепкер экендиги белгилүү. Мугалимдин асылдыгы анын хандарды да, олуя-сабааларды да, көк жал – баатырларды да окуткандыгында. Ошондуктан, дүйнө таанытып, көзүбүздү ачкан, алыска канат күүлөп учурган Мугалимдерге миң алкыш, таазим!

Биздин Көк-Сай айылындагы мектепте да өз өмүрүн балдарга билим берүүгө арнаган не бир асыл эже-агайлар эмгектенишкен жана эмгектенүүдө. Алсак, Токтогожоев Анарбек агай, Балтабай агай, Соорбек агай, Сүйөркул агай, Жакшынбек агай, Айтмамат агай, Бүкөн эжеке, Сагазиева Рая эжеке, Сүйүмбү эжеке, Бурул эжеке, Кубан эжеке, Бүмаржан эжеке, Кишимжан эжеке, Гүлнар эжеке, Мария эжеке ж.б.

Биз бүгүн Султанбекова Бүкөн эжекебиз жөнүндө айтып беребиз.

Өзүнүн өмүр жолун эскерип, «Ата-энеси элдин адамы болгондугу» жөнүндө сыймыктануу менен айтып берет. Бүкөн Султанбекова 1936-1937-жылдардагы Сталиндик репрессияга туш келген кыргыз интеллигенцияларынын үй-бүлөсүнөн. Бул тагдырга ал эне сүтү оозунан кете элек бир жарым жаш кезегинде туш болгон. Мүмкүн, ушул тагдыр эжекени сезимталдыкка, намыскөйлүккө, боорукерликке, сабырдуулукка, кайраттуулукка, мээнеткечтикке жана даанышмандыкка тарбияласа керек…

Атасы Султанбек өз мезгилинин билимдүү, сабаттуу адамы болгон экен. Олуя- Атадан орусча билим алып, болуштардын эсеп-китепчелерин, ар кандай жазуу иштерин толтуруп, кызмат кылыптыр. Кыйын кезеңде билим алууга шарты келбесе да, биринчи секретарлыкка чейин сунушталыптыр. Бирок, туугандарына колунан келген жардамын берип, иниси Төрөкул Айтматовду окутууга аракет кылып, аялы Актотунун «Зингер» тигүүчү машинасын күрөөгө коюп, акча алып, окууга жөнөткөн. Кийинчерээк атасы Султанбек репрессияланып, 1956-жылы реабилитацияланат.

Султанбекова Бүкөн – 1935-жылы Талас шаарында төрөлгөн. Шекер айылында окуп, орто мектепти 1955-1956-жылы Талас шаарындагы кыздар интернатында аяктаган. 1961- жылы В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика- математика факультетин бүтүрүп, көптөгөн мектептерде физика-астрономия сабактарын окуткан. Көп жыл Көк-Сай орто мектебинде окуу бөлүмүн жетектеген.

Нечен мыкты окуучуларды билим уясынан учурган. Бир эле мисал келтире кетсек; окуучусу Токтогожоев Архимед Анарбекович физика сабагы болюнча республикалык олимпиадада байгелүү орунга ээ болуп, Баку шаарына Кыргызстандын атынан Эл аралык олимпиадага катышып, ийгилик жаратып келген.

Бүкөн эже бир кыз, эки уулду жана инисинин кызын татыктуу тарбиялады. Азыр эжекенин 14 небереси, 5 чөбөрөсү бар. Баарысы жогорку билимдүү. 1990-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Ардактуу эс алууга чыккандан кийин бош отуруп калбастан, 1991-жылы жумушсуз аялдарды жумушка тартып, кант кызылчасын өстүрүп, аялдар коомун түзгөн.

1998-жылы айылдагы бүлүнгөн төрөт үйүн ашар жолу менен оңдоп, Роза Айтматованын көмөгү менен «Актоту» төрөт үйүн ачкан. «Сорос» фондуна проект жазып, 75 миң сомго төрөт үйүнө керектүү буюм-эмерек, каражаттарды утуп алышат. Мамлекетгик эмес уюм түзүп, каражат булактарын таап, айылдагы балдарга жумшак оюнчуктарды, аз камсыз үй бүлөнүн балдарына бут кийимдерди таркатып берген.

Биздин каарманыбыздын эмгеги жогору бааланып:

1982-жылы – Кыргыз ССРинин Ардак грамотасы;

1984-жылы – Кыргыз ССРинин Эл агартуусунун отличниги;

2000-жылы – Талас облустук администрациясынын Ардак грамотасы;

2005-жылы – «Кыргыз аялдары элетти өнүктүрүүдө» деген конкурста жеңип, диплом менен сыйланган.

2005-жылы – «Датка айым акылман» фонду чыгарган «Кырк кыз» сериясындагы «Аялдар элетти өнүктүрүүдө» китебине киргизилген.

2011-жылы – «Кыргыз Республикасындагы социалдык, экономикалык, моралдык» конкурсунун женүүчүсү диплому налган.

2014-жылы – «Кара-Буура баяны» китебине,

2014-жылы – «Бейиш эненин таманында», «Доорлор жаңырыгы» аттуу китептерине киргизилген.

Кыргызстандын оңолоруна, келечекке ишенген эжеке: «Баарыбыз адамдык сапатты жогору коюп, боорукер, бири-бирибиз менен ынтымакта, жакшы мамиледе болсок, кантип биздин эл дүйнөлүк масштабга жетпесин» деген изги тилегин айтат. 85 жашка келсе да эжеке керек учурда айыл элине акылын айтып, бактылуу карылыктын доорун сүрүүдө.

 

Гүлсада Кулбаева, А.Токтогожоев атындагы Көк-Сай орто мектебинин профсоюз лидери 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: