Menu

Өткөн аптада болгон кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жарадар болгондордун бүгүнкү абалы айтылды

Бөлүшүү:

Саламаттыкты сактоо министрлиги 18-декабрда болгон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатактан улам жарадар болгон 6 адамдардын абалы тууралуу бүгүн, 23-декабрда билдирди.

Министрлик билдиргендей, бүгүнкү күндө Баткен районун Көк-Таш айылындагы жаңжалдан жарадар болгон адамдар  Баткен облустук ооруканасында даарыланып жатышат. Жабыр тарткандардын бардыгынын абалы туруктуу. Бардык керектүү медициналык жардамды алып жатышат.

Ок тийип жарадар болгон аскер Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия борборуна которулду. Бүгүн ага операция жүргүзүү пландалууда. Учурда ден соолугунун абалы туруктуу.

Андан сырткары, жапа чеккен эки жаран ооруканадан үйүнө чыгарылды.

Эске салсак, өткөн жума 18-декабрь күнү Баткен районун Көк-Таш айылында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Кыргыз тараптан жалпысынан 6 адам жарадар болуп, анын ичинен экөө октон жарадар болушкан.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: