Кечээ, 5-июль күнү Жети-Өгүз районундагы “Кумтөр” алтын кен казуучу ишканасында өрт чыгып, анын кесепетинен 1978-жылы туулган Асылбек Асанов аттуу жергиликтүү тургун 2-даражадагы күйүк жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, учурда колу, бети жана мойну күйгөн жаран Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилип, дарыланып жатат. Өрттүн келип чыгуу себептери аныкталып жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ