Menu

Виктория Мозгачева Бишкек шаарынын вице-мэри кызматынан эмнеге кеткенин айтып берди

Бөлүшүү:

Виктория Мозгачева өзү Бишкек шаарынын вице-мэринин кызматынан кетти. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

Эмне үчүн шаарда коронавирус оорусу күчөп жаткан учурда, оор мезгилде кетүүнү чечтиңиз деген суроого, ал белгилүү бир жагдайлар бар деп жооп берди.

«Бул тууралуу жетекчилик билет. Кандай болсо дагы, мен оор мезгилде келдим, вице-мэрлер жана мэр менен кырдаалды түздөп бердик. Мен статистиканы жана борбордун даярдык деңгээлин көрүп турам. Жайдагыдай кыйын кырдаал мындан ары болбойт, эгерде ошол эле багытта иштей берсе», – деди Виктория Мозгачева.

“Эң башкысы, жарандар жоопкерчиликтүү болуш керек. Алар бардык сактык чараларын сактап, этият болуп, ден-соолугуна кам көрүп, беткап кийип, аралыкты сакташы керек”, – деп кошумчалады азыркы экс-вице-мэр.

Анын мындан аркы пландары жок. “Мен эс алам, өзүмө келем, андан кийин билинет” деди Виктория Мозгачева.

Бүгүн жаңы дайындалган Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жамаатка тааныштыргандан эки саат өткөндөн кийин вице-мэрлер Виктория Мозгачева менен Алымбек Абдылдаевдин кызмат ордун бошотуп берүүнү суранды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: