Menu

Өзбекстан Гүлнара Каримованын Британиядагы активдерин кайтарып алуу аракетин көрүүдө

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы коррупцияга айыпталып жаткан Гүлнара Каримованын активдерин кайтарып алуу боюнча Улуу Британиянын укук коргоо органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Сурайё Рахмонова билдирди.

Шаршембиде Улуу Британиянын алдамчылыкка каршы күрөшүү башкармалыгы Гүлнара Каримовага байланышы бар бир нече кыймылсыз мүлк конфискациялана турганын билдирген. Анда анын бир канча активдери, анын ичинде Каримова Өзбекстанда коррупциялык жолдор менен тапкан акчаларга сатылып алынган Улуу Британиядагы үч мүлкү бар экени кабарланган.

«Учурда Гүлнара Каримованын иши боюнча сот чечиминин күчүнө киргендигине байланыштуу анын активдерин кайтаруу тууралуу британ укук коргоо түзүмдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.», — деди Рахмонова.

Өзбекстан прокуратурасынын маалыматына караганда, Каримова 2015-жылы августта опузалоо, акча уурдоо жана салык төлөөдөн качуу беренелери боюнча айыпталып, беш жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк мекеме Каримовага каршы дагы бир кылмыш иши козголгонун билдирген. Анда ал алдамчылык, чет өлкөлүк валютаны жашыруу, бажы мыйзамдарын бузуу жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо беренелери боюнча айыпталган.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Каримова шериктери менен бирге 1,3 миллиард доллар, 63,5 миллион евро, 27,1 миллион фунт жана 18,5 миллион франк өлчөмүндөгү акчаны 12 өлкөдө адалдаган. Швейцарияда анын 777,8 миллион доллар акчасы бар экени кабарланууда. Гүлнара Каримовага каршы козголгон эки кылмыш иш боюнча мамлекет менен жарандарга келтирилген зыяндын жалпы суммасы 1,27 триллион сум, 1,6 миллиард доллар жана 26,1 миллион еврону түзгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: