Menu

Видео – Өмүрбек Суваналиев 6-9-октябрь күндөрү УКМКны басып алууга келген 5-6 топту кууп кетирген, анын ичинде Марат Иманкулов да болгон

Бөлүшүү:

Генерал Өмүрбек Суваналиев 6-октябрда УКМКнын төрагасы Опумбаев, ИИМ министри Жунушалиев, Генпрокурор Жамшитов, Финполициянын төрагасы Таиров качып кеткендерине байланыштуу КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары катары күч структураларын координациялоону колуна алган.

6-октябрдын таңында Атамбаевчилер дарбазасын сындырып кирип, УКМКны басып алып, Атамбаевди УКМКнын СИЗОсунан чыгарып кетишкенден кийин КР Коопсуздук кеңешинин секретариатын УКМКнын имаратына көчүрүп барып, бардык күч органдарын ошол жерден координациялап турган.

6-9-октябрларда УКМКнын имаратында Опумбаевдин ордун басып алууга келген 5-6 топту кууп кетирген. Алардын ичинде Элвира Сурабалдиева менен Рыскелди Момбеков жетектеген “Ата-Мекен” партиясынын өкүлдөрү  да “революциядан кийин  УКМКны биз алышыбыз керек, УКМКнын төрагасы Элдар Абакиров болот” деп келишкен. Ошол эле учурда “УКМКнын төрагасы Максат Мамытканов болот” деп  “Чоң казат” партиясынын Сыймык Жапыкеев баштаган тобу келип, кызмат талашып, Сурабалдиева менен уруша кетишкен. Аларды Суваналиев УКМКнын имаратынан сүрүп чыгарууга аргасыз болгон.

Ошондой топтордун бирин жетектеп келип “мен УКМКнын төрагасы болушум керек” деп жулунган  Марат Иманкуловду да КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун  басары Суваналиев  УКМКдан сүрүп чыгарган. Ошол учурду телефондун видеокамерасына тартып алган эргулдар бүгүн “Суваналиев менен Иманкулов” кызмат талашып жатышат” деп бурмаланган видеотасма таратып жатышат.

Чындыгында генерал Суваналиев жулунган Марат Иманкуловго “мен бул жерде УКМКнын төрагасы эмес, КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары катары олтурам, бүткүл өлкө боюнча кызмат орундарын басып алууга каршы иштеп жатабыз. Ошондой эле УКМКнын курал-жарактарын, архивдерин талап-тонотпоо үчүн коргоого алдык.  Биз келгенге чейин бир нече кылмышкер тарапташтары тарабынан абактардан чыгарылып кетиптир. Азыр калгандарын чыгарбай кайтарууга алдык” деп түшүндүргөн.  Ошого карабай Марат Иманкулов 3 жолу УКМКнын төрагасынын кызмат ордун басып алууга аракет кылып, 3 жолу тең УКМКнын имаратынан сүрүп чыгарылган.

Ал эми 8-октябрда генерал Суваналиев УКМКнын имаратында Кыргызстандагы бардык укук коргоо органдарынын жана куралдуу күчтөрүнүн жетекчилеринин координациялык кеңешмесин өткөрүп, 9-октябрда абал турукташкандан кийин ал жерден чыгып кеткен.

Кыргызстандагы укук коргоо органдарынын жана куралдуу күчтөрүнүн жетекчилеринин 8-октябрдагы координациялык кеңешмесинин протоколун төмөнкү шилтемеден окусаңыздар болот:

https://m.ru.sputnik.kg/politics/20201008/1049957070/kyrgyzstan-omurbek-suvanaliev-zasedanie-protokol.html

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: