Улуттук госпиталдын көз хирургия бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаева операция үчүн 30 миң сом пара алгандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалганы, бирок көп өтпөй үй камагына чыгарылганы ЖМКларда кабарланган. Анын адвокаты Иманбаеваны эч ким кармабаганын, операция боло турган адамга керектелүүчү дары-дармекке кеткен каражаттар Салтанат айымдын чөнтөгүнөн төлөнгөнүн, оорукчан адам бекер операция болгонун айтты. Айтор, бул жагы да анчалык чындыкка коошпой тургансыйт. УКМК болсо бул тууралуу маалымат тарата элек. Азыр кайсы эле дарыгер бекер операция жасап, оорукчан адамга өз чөнтөгүнөн каражат төлөсүн. Эске сала кетсек, Иманбаева мамлекеттик ишмер, маркум Сулайман Иманбаевдин кызы, экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин мурунку келинчеги. Ал буга чейин эле, улуттук госпиталдын жетекчилиги менен соттошуп, ызы-чуу менен жүргөн. Анын жеке менчик клиникасы бар, тааныштары күчтүү, байлыгы мол экени да айтылган болчу.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ