Menu

“Коопсуз шаар” элди козгойбу?

Бөлүшүү:

23-майда саат 10:00дөн тартып Бишкекте айдоочулар жол эрежесин бузгандыгы үчүн салынган айыппулдун өлчөмүн азайтууну талап кылып, флэш-моб өткөрүшмөкчү. Бул тууралуу аталган акциянын уюштуруучусу “Элет көйгөйү” коомдук уюмунун төрагасы Марипа Алыйкулова билдирди.

Анын айтуусунда, учурда көпчүлүк карапайым адамдар автомашина менен такси кызматын көрсөтүп же жүк менен жүргүнчүлөрдү ташып тиричилигин өткөрүшүүдө. Бул ошол айдоочулардын бүтүндөй үй-бүлөсүнүн жападан жалгыз киреше булагы болуп саналат. Тилекке каршы айыппулдардын өлчөмү алардын кыйналып тапкан акчасынан да бир нече эсе жогору. Ошондуктан күн сайын жөнөкөй айдоочулардын өкмөт тарабынан “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында ишке ашырылган айыппулдарына нааразычылык күч алууда. “Биз айдоочулардын нааразычылыгы цивилизациялуу алкактан чыгып кетишин каалабайбыз. Ошондуктан баардык жарандарды биздин жол эрежесин бузгандыгы үчүн салынган айыппулдардын өлчөмүн азайтууну талап кылган акцияга катышууга чакырабыз”,- деди ал.

Флэш-моб Чүй-Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинен башталып, Фучик көчөсүндө аяктайт. Ал эми Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен тартып айдоочулар Манас проспектине чейин машиналарын пипилдетип, Ак үй аркылуу өтүшмөкчү. Алдын ала маалымат боюнча, бул акцияга үч миң автомашина катышары айтылууда.

Демек, өкмөт ойлонбой айыппулдардын өлчөмүн он эсе көтөрүп жиберип, иштебей эле казынаны толтурабыз деген куру кыялынан баш тартып, тез арада, Жогорку Кеңеш каникулга тарап кете электе айыппулдардын өлчөмүн азайтуу тууралуу долбоорду даярдап, мыйзамдаштырып албаса, абал чатак…

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: