Menu

Өзбекстанда 12800 киши диний себептер менен камакта отурат

Бөлүшүү:

АКШнын эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясы (USCIRF) кезектеги баяндамасын жарыялап, Өзбекстанды өзгөчө кооптуу өлкөлөрдун катарына киргизди. Документте өлкөдө диний себептер менен 12800 киши түрмөдө жатканы жана алардын көбү зомбулук коркунучу алдында экени баса белгиленет.

Баяндамага ылайык, диний айып менен камалган 84 киши камераларда жалгыз отурат. 2015-жылы Орусия, Түркия, Европа жана АКШдан кайткан эмгек мигранттар террордук топтор менен байланышта деген айып менен массалык түрдө камалышкан. Кармалгандардын 200дөн кем эмесинин тагдыры белгисиз.

Өкмөт кармалгандардын көбү ”ваххабизм” жана “жихадизм” сыяктуу экстремисттик топторго тиешеси бар экенин айтып келет, бирок көбүнесе далилдерди келтирбейт. Баяндамачылар өзбек түрмөлөрүндө, убактылуу кармоочу жайларда жана милиция бөлүмдөрүндө кыйноолор, анын ичинде зордуктоо жана противогаз колдонуларын белгилешет.

Баяндаманын авторлору АКШ өкмөтүнө өзбек өкмөтү менен милдеттүү келишим түзүүнү, Эгер Өзбекстан дин эркиндиги боюнча милдеттенмелерин аткарбаса, санкция киргизүүнү сунуштады. АКШ Мамлекеттик департаментине Өзбекстанды өзгөчө кооптонуу жараткан өлкөлөрдүн тизмесине киргизүүгө үндөдү.

Уюм өзбек өкмөтүнөн БУУнун дин эркиндиги боюнча баяндамачыларынын Өзбекстанга баруусуна макулдук берүүгө жана бул үчүн толук шарт түзүүгө чакырууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: