Menu

Бажычылардын жообуна депутаттар канааттанбады

Бөлүшүү:

28-ноябрда Жогорку Кеңеште 2020-жылдын бүджет долбоору каралып жатат.

Депутат Үмбөталы Кыдыралиев эмнеге өкмөт менен бажы кызматы журналисттик иликтөөгө борпоң мамиле жасап, жалпы сөздөр менен кутулушканын сурады. Анын пикиринде, контрабанда бажыда абдан актуалдуу, анын чечүү керек, бирок жооп жок.

Бажы кызматынын өкүлдөрү кытай тарап менен биздин тараптын ортосундагы 3 млрд долларга айырма эки өлкөнүн эсептөө системасы ар башка экенинен улам чыкканын айтышты.

Кайра эле баягы курулуш кранды айтышып, кытай тарапта 700 кран жазылганын, бул ката экенин, андай курулуш бизде жүрбөгөнүн келтиришти.

“Ой, кайдагы кранды айтып жатасыңар? Эмне, мыйзамсыз суммалар ошол крандардан жаралыптырбы? Же силерге консультант болуп барып, эсептегенди үйрөтөйүнбү?” – деп депутат Ү.Кыдыралиев ачууланды.

Журналисттердин иликтөөсүн депутат Таабалды Тиллаев да эскертти. “700 млн доллар кимге таандык?” – деп сурады.

Бул суроого өкмөт башчы М.Абылгазиев да жооп бере албады. Ал болгону тергөө жүрүп жатканын, кимге тиешелүү экени такталып жатканын айтып кутулду.

“Элди кыйсыпыр түшүрбөй, ал акчалар мамлекеттики эмес деп койгула да”, –деди Т.Тиллаев.

Өкмөт мүчөлөрү: үч айдын аралыгында Кыргызстандан башка өлкөлөргө бизнесмендер 48 млрд сом чыгарышканын, бул легалдуу киреше экенин айтышты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: