5-июнь күнү Сокулук районунун Төмөнкү Орок айылында жаш балдардын кызуу кандуулугунан мушташ чыгып, милициянын аралашуусу менен чоң чатакка жетпей токтоду. Жаракат алгандар жана камалгандар бар.
Мына ошол жерге Чүй облусунун губернатору Туйгунаалы Абдраимов да барып, эл менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кырдаалды көзөмөлгө алат. Чыр болгон жерге журналисттер да топтолот эмеспи. Губернатор кызыктырган суроолорго жооп берет. Анан болбой эле бир кыз кычаштык собол таштап, тийише баштаптыр. Ак көңүл, бирок ачуусу чукул Абдраимов «сенин кебетең мага жакпай турат» деп бетке айтса, анысы интернетке тарап кетет. Биз дал ушул боюнча Туйгун байкеге байланышсак, айылда абал тынчыганын билдирип, а тиги «түрү суук» кыздын тийишкенине күлүп, мындай көрүнүш биринчи жолу болуп атканын тамашага сала айтты…
Арстан Алгырбеков
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ