Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын маанилүү бөлүгү экологиялык дипломатияны жана «жашыл» экономиканы алга жылдыруу болуп саналат

Бөлүшүү:

30-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракесине арналган сессиянын алкагында Биоартүрдүүлүк боюнча Нью-Йоркто өткөн саммитте Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков видеобилдирүү аркылуу сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн толук текстин келтиребиз:

«Урматтуу Төрага,

Айымдар жана мырзалар,

Экологиялык дипломатияны жана „жашыл“ экономиканы өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Биз — экологиялык таза продукциянын жана таза энергиянын өлкөсүбүз.

Өткөн жылдын ноябрь айында Кыргызстан климаттын өзгөрүшү тууралуу Париж макулдашуусун ратификациялады. Биздин өлкө энергиянын салттуу булактарын керектөөнү акырындык менен кыскартууну көздөйт.

Кыргызстан экология чөйрөсүндөгү эл аралык демилгелерди активдүү колдоо менен бирге өз демилгелерин да сунуштап келет.

Баарынан мурда, алар:

— Ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык саммиттерди уюштуруу;

— Борбордук Азиядагы радиациялык коркунучтун алдын алуу боюнча резолюцияны жаңылоо;

— Эл аралык тоолор жылын өткөрүү жана Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобун түзүү.

Урматтуу төрага!

Башкы Ассамблеянын учурдагы жыйынынын алкагында, Кыргыз Республикасы дүйнөлүк биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча төмөндөгү резолюциянын долбоорун сунуштайт: „Табият чек ара тааныбайт: чек ара кызматташтыгы — биоартүрдүүлүктү сактоонун жана туруктуу пайдалануунун негизги фактору“.

Биз төмөнкүдөй тармактарда эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө көңүл бурдук:

— биоартүрдүүлүктү жана дени сак экосистемаларды сактоо;

— биоартүрдүүлүк чөйрөсүндө чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү;

— туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн „жашыл экономиканын“ принциптерин пайдалануу;

— ошондой эле биоартүрдүүлүктү туруктуу пайдалануу үчүн аймактык кызматташтык жаатында демилгелерди сунуштоо.

Биздин документтин долбоорунда  Конвенция Тараптарынын Жер которгон түрлөрдү сактап калуу боюнча Он үчүнчү Конференциясынын жыйынтыктары жана анын Декларациялары чагылдырылган.

Ал глобалдык экологиялык уюмдар тарабынан жактырылды. Алардын арасында Жапайы жаратылышты коргоо боюнча бүткүл дүйнөлүк фонд, БУУнун биоартүрдүүлүк боюнча конвенциясы, ЮНЕП, Рамсар конвенциясы, Жаратылышты коргоо боюнча немис союзу бар.

Биздин резолюция БУУга мүчө мамлекеттердин жана институттарынын кеңири колдоосуна ээ болот деп үмүттөнөм.

Айымдар жана мырзалар,

Кыргыз Республикасы биоартүрдүүлүк жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында эл аралык аракеттерди колдоосун уланта берет.

Айтылган идеялар менен сунуштар учурдагы экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө жардамын тийгизет деген ишеничтебиз.

Биздин планетанын жаратылышынын келечеги жана анын биоартүрдүүлүгүн сактап калуу биздин колубузда.

Көңүл бурганыңыздарга ыраазычылык билдирем».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: