III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жабылышында ырдаган дүйнөлүк жана жергиликтүү ырчылар үчүн жалпы 9 миллион сом жумшалган. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Берилген маалымат боюнча мекемеде ар бир ырчыга канчадан төлөнгөнү жөнүндө маалымат жок. Себеби келишимди түзүү, гонорар төлөө иштери менен ивент-компаниясы алектенген.
Эскерте кетсек, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда чоң масштабдагы гала-концерт уюштурулуп ага «La Bouche» тобунун мүчөсү Наташа Рай, «NANA» тобунун вокалисти Рэй Хортон, «Down Law» тобунан Джоу Томсон, ошондой эле Германиядан «Чингиз хан», Румыниялык «Akcent», Орусиялык «Корни» топтору чакырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ