Menu

Кыргыз милициясынын тарыхында болбогон жосунсуз жорук менен шылдыңга кабылдык

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев орун басарларын жана ИИМдин кызмат башчылары менен бөлүмдөрдүн жетекчилерин, ошондой эле, ИИМдин “Шумкар”атайын багыттагы полктун, милициянын кайгуул-күзөт кызматынын, Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Академиянын курсанттары, Бишкек ШИИББ менен Чүй ОИИББдин бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин таң эрте саат 07.00.гө чакыртып, Өкмөт үйүнүн алдына саптык кароодон өткөрүү үчүн топтогон.

Эң кызыгы анын эмне үчүн саптык карооду Өкмөт үйүнүн алдына жана таң атпай саат 07.00.гө баарын топтогонунун сыры иш чаранын жүрүшүндө ачыкталып кесиптештеринин кыжырына тийгени болду. Көрсө Кашкар мырза өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиевге бир жагынып коюну эп көргөн тура. Айтайын дегенибиз Кашкар мырза атайы таңкы маалды белгилеп, бакыйган Генералдарды баш кылып, полковниктерди ж.б төш кылып катарга тизип, Өкмөт башчынын кортежи өтүп баратканда кортежге “честь” бердиргени болду.

Мейли премьер-министрдин кортежи саптык кароонун маңдайынан өтсө дагы бир жөн, кортеж саптык кароого жетпей, өкмөт үйүнүн оң жак канатына бурулуп кеткенинде болуп жатпайбы? Бир топ алыстыкка карабай баарын оң жакты каратып “честь” бердирткени неси? Балким ал кортежде Өкмөт башчы жок болсочу?

Кыскасы кыргыз милициясынын тарыхында болбогон жосунсуз жоругу менен шылдыңга кабылдык. Балким мындай ашынган жагалдануу менен кесиптештерин пастыкка мажбур кылбай, алгылыктуу реформалар менен эл оозуна алынбайбызбы?

Бул окуядан соң министрибиз Катар мамлекетине иш сапар менен кеткенине жол болсун. Мындай жеңил жүрүш менен сыягы Кашкар мырза ИИМди иритип тынат окшобойбу…

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: